Бишкекте азык чарба жарманкеси өтөт
17-октябрдан баштап шаардыктардын көптөгөн суранычтары боюнча, айыл чарба жана азык-түлүктөрдүн салттуу жарманкеси башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү санитардык нормаларга жана эрежелерге баш ийүү менен өтөт. Анда өлкөнүн дыйкандары тургундарга жашылча-жемиш, бал, эт жана сүт азыктарын сунушташат.
Жарманке өтчү жайлардын даректери:
- Ленин району:
Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсү (“Рахат-Лукум” кафесинин бет маңдайында).
Октябрь району:
- 12-кичи районунда Нуркамал Жетикашкаева жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши.
Биринчи Май району:
- Скрябин жана Абай көчөлөрүнүн кесилиши (К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жанында);
Свердлов району:
- Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши.
Жарманкенин ишин акимчиликтин кызматкерлери, муниципалдык аймактык башкаруу органдары, милициянын өкүлдөрү көзөмөлдөп турат. Ар бир азык санитардык-эпидемиологиялык органдардын, шаардык ветеринардык мекеменин кылдат көзөмөлүнөн өткөрүлөт. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кыймылын тескөөгө алат.
Жарманкеге катышууну каалагандар үчүн телефондор:
- Октябрь району — 0(312) 576392;
- Ленин району — 0(312) 656906;
- Свердлов району — 0(312) 433891;
- Биринчи Май району — 0(312) 324913.
