"Чалдыбар автожол" көзөмөл өткөрүү жайынан баасы 10 миллион сомдон ашык зер буюмдарды мыйзамсыз алып бара жаткандар кармалды









14-октябрь күнү "Чалдыбар автожол" көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары 10 миллион 200 миң сомдон ашуун суммадагы тиешелүү документтери жок жүктү кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Чалдыбар автожол" көзөмөл өткөрүү жайына Казакстан Республикасына багыт алган Mersedes Benz Sprinter автоунаасы келген. Транспорт каражатын текшерүү учурунда чек ара кезмети айдоочунун кабинасынан 1993-жылы туулган Кыргыз жараны И.А.га таандык баштыктан 3 килограмм 648 грамм алтын зер буюмдарды табышкан. Анын ичинде сөйкө, шакек, билерик, чынжырча жана 10 кутучага салынып, отургучтун астына катылган баштыктын ичинде болгон.
Айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Алдын ала баалоо боюнча кармалган товардын жалпы суммасы 10 миллион 214 миң 400 сомду түзгөн. Документтер толтурулган соң мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.
