"Ювентус-Барселона оюнуна катышуу үчүн". Криштиану Роналду экинчи жолу катары менен карантин эрежесин бузду
Дүйнөгө белгилүү футболчу Криштиану Роналду экинчи жолу катары менен карантин эрежелерин бузду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Роналду Португалия курамасы жайгашкан жерди таштап, Италияга учуп кеткен. Роналду Португалия курамасы жайгашкан жерде 14 күн, ал эми Италияга баргандан кийин 10 күн обочолонуу режиминде болушу шарт. Футболчу Италиядагы обочолонуу режимин эртерээк бүтүрүп, 29-октябрда Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы "Барселона" клубуна каршы оюнга катышууну көздөп жатканы айтылууда.
Бирок бул оюнга катышуу үчүн Роналду 21-октябрда тесттин жыйынтыгы таза чыккандыгын көрсөтүшү керек.
Буга чейин Криштиану Роналду коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
keba300989

15.10.2020. 13:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул оюнду Роналдо Реалдан кеткенден бери күтөм. эми Рон шылтоо таппай ойносунда
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.