super.kg logo
  Саясат  

Руслан Казакбаев тышкы иштер министрлигинин эмгек жамаатына тааныштырылды

 

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаевди тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, биринчи вице-премьер-министр жаңы дайындалган министрдин тышкы саясаттагы тажрыйбасына токтолду.

"Руслан Казакбаевдин дипломатиялык кызматта чоң тажрыйбасы бар. Баарыңар жакшы билесиңер, айрымдарыңар чогуу иштешкенсиңер. Бүгүнкү кырдаал оңой эмес, бирок биз биргеликте өлкөнүн дүйнөлүк аренада позициясын бекемдөөгө жана алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө өз салымыбызды кошо алабыз деп ишенем", - деди Артём Новиков.

Ошондой эле министрликтин ар бир кызматкеринин өлкөнүн позитивдүү имиджин калыптандыруудагы жана анын кызыкчылыктарын коргоодогу жоопкерчилигине көңүл бурду.

"Биздин алдыбызда турган маанилүү милдет - экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүү. Бул блокту өркүндөтүү керек. Тышкы карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу жана реструктуризациялоо боюнча ишти улантуу керек", - деп биринчи вице-премьер-министр сөзүн жыйынтыктап, жаңы дайындалган министрдин ишине ийгилик каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: