Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эмгек жамаатка тааныштырылды
Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-октябрда маданият, маалымат жана туризм министри Кадырбеков Нуржигит эмгек жамаатка тааныштырылды. Жаңы дайындалган министрди эмгек жамаатка өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Бактыбек Аманбаев тааныштырды.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын премьер-министрин жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
"Кыргыз Республикасынын конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалсын",- деп айтылат жарлыкта.


1 |