super.kg logo

Мадонна жана Рианна АКШдагы эң бай ишкерлердин катарына кирди

 
"Forbes" журналынын версиясы боюнча Мадонна жана Рианна АКШдагы эң бай ишкерлердин катарына кирди. Бул жөнүндө аталган басылмага таянып дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда.
Анда жазылган маалыматка ылайык, "Forbes" журналы АКШдагы эң бай жүз ишкер айымды аныктаган. Анда америкалык ырчы Рианна 600 миллион доллар кирешеси менен 33-орунда жайгашкан. Ошондой эле ал түзгөн COVID-19га каршы күрөшүү фонду 22 миллион 500 миң доллор чогулткан.
Америкалык ырчы, актриса Мадонна 40-орунда жайгашкан. Анын кирешеси 550 миллион доллар.
Селин Дион 455 миллион доллар кирешеси менен 51-орунда болсо, Бейонсе 55-орунда жайгашкан. Анын кирешеси 420 миллион доллар.
Рейтингде эң жашы 23 жаштагы модель Кайли Женнер болгон. Ал эми эң улуусу 94 жаштагы Элис Шварц. Ал биотехнология менен алектенет.
Рейтингде биринчи орунду "ABC Supply" компаниясынын негиздөөчүсү Диана Хендрикс жайгашты. Ал 3 жылдан бери рейтингдин сап башынан түшпөй келүүдө. Айымдардын көпчүлүгү (100дүн ичинен 45и) Калифорнияда жашашат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: