Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы 5 президент тең 61 жашында кызматтан кетишти (хронология)
Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүк алгандан бери 5 президент өлкөнү башкарды. Эң кызыгы, 5 президент тең 61 жашында президенттик кызматтан кетишти. Алсак:
1. Аскар Акаев - 15 жылдай өлкөнү жетектеп, 2005-жылдын март айындагы революциянын натыйжасында бийликтен айрылган. Ал кезде Акаев 61 жашта болчу. Учурда Акаев Орусияда.
2. Курманбек Бакиев - Революциянын толкуну менен бийликке келген Курманбек Бакиев өлкөнүн экинчи президенти болду. 2010-жылдын апрель айындагы революциядан кийин Бакиев алгач өлкөнүн түштүгүнө барып, андан кийин Беларусь өлкөсүнөн башпаанек алып, өлкөдөн чыгып кеткен. Ошол учурда ал 61 жашта эле.
3. Роза Отунбаева - Андан кийин убактылуу өкмөт түзүлүп, анын башчысы болуп Роза Отунбаева шайланган. Ал бул кызматта Алмазбек Атамбаев кызматына киришкен 2011-жылдын 1-декабрына чейин иштеген. Ал учурда Отунбаева 61 жашта болчу.
4. Алмазбек Атамбаев - 2011-жылдан 2017-жылдын 24-ноябрына чейин Кыргыз өлкөсүнүн президенти болгон. Ошол учурда ал да 61 жашта болгон.
5. Сооронбай Жээнбеков - 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен жана туура 3 жылдан кийин, тагыраагы 2020-жылдын 15-октябрында отставкага кетти. Ал 16-ноябрда 62 жашка чыгат.



1 |