super.kg logo

Базар-Коргондо бир нече адамды уруп-сабоого жана тоноого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда бир нече адамды уруп-сабоого жана тоноого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү Базар-Коргон РИИБине райондун тургундары 1990-жылы туулган М.А., 1997-жылы туулган Ш.М. арыз менен кайрылган. Арызда 8-октябрдан 9-октябрга караган түнү “Жони” аттуу жаран уюлдук телефондорун тартып алып жана эч бир себепсиз уруп-сабап денесине залал келтиргенин жазып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты Базар-Коргон РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

9-октябрь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Базар-Коргон аймактык ооруканасынан Майлуу-Суу шаарынын 23 жаштагы тургуну А.А. денесинен жаракат алып, амбулатордук жардам алып чыгып кеткен. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө денесинен жаракат алган А.А.ны 8-октябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Базар-Коргон районунун тургуну 1982-жылы туулган Д.Ж. жана анын шериктери уруп, денесине залал келтиргени аныкталган.

Ошондой эле шектүү шериктери менен 9-октябрь күнү Базар-Коргон районунун тургуну 1989-жылы туулган С.А. аттуу жаранды эч бир себепсиз бети-башына таяк менен уруп, денесине залал келтиргени аныкталган. Аталган фактылар Базар-Коргон РИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан кылмыш ишине шектелип, Базар-Коргон районунун тургуну 1982-жылы туулган Д.Ж. 14-октябрь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүнүн буга чейин тоноо фактысы менен катталган кылмыш иши соттун кароосуна жиберилип, 2019-жылдын 28-август күнү Базар-Коргон райондук соту тарабынан 1 жылга пробациялык көзөмөл колдонуу мөөнөтү белгиленген. Бүгүн, 15-октябрда шектүүнүн баш коргоо чарасы райондук сотто каралмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: