Супер фактылар: Адамдын денесиндеги клеткалар 10 жылда бир жаңыланып турарын билчү белеңиз?

Дене ар кандай жолдор менен жаңыланат. Дененин белгилүү бир аймактарында клеткалардын иштөө убактысы, алардан талап кылынган нерсеге жараша болот. Мисалы, кызыл кан клеткалары төрт ай жашайт, анткени кан айлануу системи аркылуу оор жолду басып өтүшүп, дененин бардык бөлүгүнө кычкылтек жеткиришет.
- Тери: Эпидермис дененин сырткы коргоочу катмарынын милдетин аткаргандыктан жетиштүү деңгээлде эскирүүгө дуушар болот. Бул тери клеткалары 2-4 аптада бир жаңыланып турат.
- Чач: аялдарда 6 жылга, эркектерде 3 жылга созулат.
- Боор биздин организмдеги ар кандай булгоочу заттарды алып салуу менен адамдын денесин тазалайт. Ал туруктуу кан менен камсыз болуп, клеткаларын 150-500 күндө жаңыртып, булгоочу заттардын жана токсиндердин зыянынан коргойт.
- Ашказан жана ичегилер: Ашказан менен ичегинин үстүн каптаган клеткалардын жашоосу кыска жана татаал. Ашказандагы каустикалык кислоталарга туруктуу дуушар болушкандыктан, алар адатта 5 гана күн жашашат.
- Сөөктөр: Скелет тутумунун клеткалары дээрлик тынымсыз жаңырат, бирок бүт процесс 10 жылга чейин созулат. Картайган сайын жаңылануу процесси жайлайт. Ошондуктан адам картайган сайын сөөктөр да суюла баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.