Коронавируска каршы популярдуу дары-дармектер натыйжасыз деп табылды

Маалыматка ылайык, "Ремдесивир", "Гидроксихлорохин", "Лопинавир" жана "Интерферон" дары-дармектери ооруканалардагы өлүмдүн азайышына дээрлик таасирин тийгизген эмес. Изилдөө ооруканага жаткырылган 11 миң 266 бейтапты дарылоодогу маалыматтарга негизделген. Азырынча изилдөөчүлөр тарабынан толук изилденип бүтө элек.
ДССУнун эл аралык көп борбордуу клиникалык изилдөөлөрүнүн алкагында жаңы коронавирустук инфекцияны дарылоонун эң келечектүү төрт режими, анын ичинде "Ремдесивир" препараты сыналган. 2020-жылдын июль айында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы окумуштуусу Сумия Сваминатан вируска каршы дары-дармектерди текшерүү учурунда "Ремдесивир" гана COVID-19га каршы келечектүү натыйжаларды көрсөткөнүн жарыялаган. Ошол эле учурда эксперт "Ремдесивир" бейтаптарды ооруканага жаткырууну азайтууда жакшы натыйжа көрсөткөнүн, бирок коронавирустан каза болгондордун санын азайтууда натыйжа бербегенин баса белгилеген. Анын айтымында, ушул кезге чейин жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул дарыны ичкенде бейтаптар тезирээк сакайып кетишет. Коронавирус илдетин жуктуруп алгандар аталган дарыны ичкенден 11 күндөн кийин калыбына келерин кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.