Путин Орусия коронавируска каршы экинчи вакцинаны каттаганын жар салды
Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен болгон кеңешмеде Новосибирсктеги "Вектор" борбору коронавируска каршы орусиялык экинчи вакцина катталганын билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Вице-премьер Татьяна Голикованын айтымында, "ЭпиВакКорона" вакцинасы коопсуз, алгачкы 60 миң дозасы жакынкы күндөрү чыгарылат.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармектер 1-январдан тарта жарандар үчүн колдонууга чыгарын ырастаган.
"Вакцина 14-21 күндүк аралык менен эки жолу тамырга 0,5 миллилитр дозада колго сайылат", - деп жазылган дарынын көрсөтмөсүндө.
Буга чейин Орусиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турган дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыгып, аны "Спутник V" деп атаган.
Путин Орусия коронавируска каршы экинчи вакцинаны каттаганын жар салды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
airada

17.10.2020. 21:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вакцинасы ийгиликтүү болуп бардыгы айыгып кетишсе экен жаман оорудан
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.