Мелис Мырзакматов: "Мектепке жоолук оронуп барган кыздардын укугун тепселебешибиз керек"
"Мектепке жоолук оронуп барган кыздардын укугун тепселебешибиз керек",- деди Ош шаарынын башчысы Мелис Мырзакматов 24-сентябрда мэрияда өткөн жыйында. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Мырзакматов өлкөдө ар ким өзү каалаган динди тутунарын айтып, "Кыргызстан - демократиялуу өлкө, дин тандоо укугу эркин. Мектептерге бирдиктүү форма боюнча мыйзам жок, ошондуктан Ош мэриясы да мектепке хиджаб кийип барган окуучуларга тыюу сала албайт",- деди. Шаар башчы кыздардын кыска юбка кийип түнкү клубдарда жүрүшүнө караганда, жоолук оронуп түз жолдо жүргөнү жакшы экенин белгиледи.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
5

