БШК: "Кайрадан парламенттик шайлоо 20-декабрда өткөрүлүшү керек"
БШК Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн 22-октябрдан кечиктирбестен белгилеп, депутаттарды кайталап шайлоо 20-декабрда өткөрүлүшү керек. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова SUPER.KG порталына билдирди.
"Жогорку Кеңеш жана БШК Конституциянын жана шайлоо мыйзамдарынын чегинде кечиктирбестен төмөнкү кадамдарды жасашы керек. Биринчиден, 21-октябрга чейин шайлоого катышкан партиялардын ар бирин мыйзам бузуу фактыларына катыштыгы бар же жогун аныктап, ошонун негизинде иш алып баруу керек. Экинчиден, парламенттик шайлоонун босогосунун күрөөсүн кыскартуу керек. Ошондой эле форма-2 маселесин чечип, чет өлкөдөгү мигранттарыбызга добуш берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек.
21-октябрь – мыйзамга ылайык, шайлоо боюнча толуктоолорду кабыл алуунун акыркы мөөнөтү, ага президент кол коюшу керек.
БШК кайрадан парламенттик шайлоонун күнүн 22-октябрдан кечиктирбестен белгилеши керек, ал эми кайталап шайлоо 20-декабрда өткөрүлүшү керек. Мунун баары конституцияда жазылган", - деп билдирди Атыр Абдрахматова.
Белгилей кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен добуштардын көпчүлүгүн "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" партиялары алган. Бул партиялардан тышкары 7 пайыз босогону "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары басып өткөн.
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл жана партия өкүлдөрү 5-октябрда Бишкекте мөөнөтсүз митингге чыгып, ал башаламандыкка айланган. Натыйжада парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

мамлекетибизге.