Бишкек мэриясы коомдук жайларда тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда
Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кастрол май алмаштыруу жайынын аймагы иретке келтирилбей жаткандыктан СЭИ инспекторлору тарабынан ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алар үч күндүн ичинде иретке келтирүүгө, тазалоого убада беришти.
Ал эми Тоголок Молдо жана Москва көчөлөрүндөгү "Народный" дүкөнү, "ОК" күркөсү, Мамлекеттик архив, Айни көчөсү №38 дарегиндеги "Чолпон" дүкөнү, Москва көчөсүндөгү "Додо пицца", "Куликовский", сулуулук салону жана Манас кең көчөсүндөгү "Ложка" ашканасынын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин имараттарынын айланалары иретке келтирилип, тазаланды", - деп жазылат билдирүүдө.
