super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев коррупция менен күрөшүүгө бардык жарандарды жана журналисттерди жардам берүүгө чакырды

 
Бүгүн, 16-октябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берүүдө.
Маалымат жыйын суроо-жооп иретинде өтүүдө.

"Жапаров коррупцияны иликтеген журналисттер менен иштешүү тууралуу айтты. УКМК буга кандай мамиле кылат?" деген суроо берилди.
"Буга чейин коркутуп-үркүтүп келген адамдарды жазалайбыз. Сиздерге аз гана убакыт беребиз. Мыйзам менен гана жашагылы. Мен бул жакта экенмин, мындай нерселерге жол берилбейт. Бандиттер жашынсын, бекинсин. Буга толук жоопкерчиликти алам. Эми коррупция менен күрөшөбүз", - деди ал.
Камчыбек Ташиев коррупция менен күрөшүүгө бардык жарандарды жана журналисттерди жардам берүүгө чакырды.
"Эгер кандайдыр бир коррупциялык иштер тууралуу маалымат билсеңиздер, бизге кайрылыңыз. Жакында бул боюнча сайт дагы ачылат. Ар бир жаран коррупция менен күрөшүүгө салым кошо алат", - деди ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: