super.kg logo

Менин жерим: Садыр Жапаров туулуп өскөн Кең-Суу айылы тууралуу баян

 
Мечитине нур түшкөн кереметтүү Кең-Суу айылы
Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы мектеп. Мектепте 530 окуучу билим алат

"Менин жерим" рубрикасында бул жолу Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчысы Садыр Жапаров, калың калкка таанымал - Зыяш Бектенов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Аман Саспаев, Мирзат Мукановдордун айылы болгон Кең-Суу айылына сапар алабыз. Айылдын ажайып кооз жаратылышы, административдик мекемелер, таланттуу инсандары тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Сыймык Орозбаев баяндап берди.

Айыл тургуну Сыймык Орозбаев

Кең-Суу айылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы өзгөчө кыштак. Ал Сан-Таш айыл аймагына карайт. Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк чыгышында, Түп суусунун ортоңку агымынын оң жээгинде, Түп-Каркыра унаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1 миң 760 метр бийиктикте жайгашкан.

Калкынын саны 2020-жылкы статистикага ылайык, 2 миң 338, 390 түтүн. Айыл эли негизинен мал жана дыйканчылык менен алектенет.

Эмне үчүн Кең-Суу деп аталып калган?

Аты айтып тургандай эле суусу кенен болгон үчүн Кең-Суу деп аталган. Тоо башынан агып түшкөн 2 чоң суу айылдын эки жагын аралап өтөт. Айылдын эли дагы кең пейилдүү.

Кең-Суу айылынан чыккан белгилүү инсандар:

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчысы Садыр Жапаров

Кумтөрдөгү алтын өндүрүүчү "Centerra Gold" компаниясынын элге зыяны чоң деп айтып чыккан Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчысы Садыр Жапаров.

Кыргыз мамлекетинин илим тармагына негиз салган илимпоздордун бири, тилчи, манас изилдөөчү, педагог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, котормочу жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Зыяш Бектенов.

Түгөлбай Сыдыкбеков Чыңгыз Айтматов менен

Кыргыздын XX кылымдагы чыгаан жазуучусу, Кыргыз профессионал адабиятынын патриархы, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын туңгуч баатыры, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Түгөлбай Сыдыкбеков.

Жазуучу Аман Саспаев

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, публицист, котормочу, полиглот, сөздүк түзүү ишинин чебери Аман Саспаев.

Диктор Мирзат Муканов

"Санжыра" радиосунун жаңылыктар бөлүмүнүн редактору, "Өзгөчө пикир", "Биздин замандын кишилери" теледолбоорунун автору, НТС каналынын диктору, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Мирзат Муканов.

Тамашоучу, актёр, алып баруучу Мыкы.

Кошумча маалыматтар:

Санжырада аты далайга кеткен Сарыбайдын сан жылкысы жаткан, тоо башындагы Коро-Карагайы деген жер бар. Айылдын "спутниги" десе дагы туура болот. Себеби алыстан эле көрүнүп турат.

Каракол, Жети-Өгүз, Ак-Суудан бери көзгө көрүнөт. Сарыбайдын сан жылкысы санжырада 1500-2000 жылкы деп айтылат. Жылкыларды Түп суусунан сугарганда, чоң дарыя соолуп калчу деп айтылып жүрөт.

Эгер эсиңизде болсо, Мукай Элебаевдин "Узак жол" чыгармасында Сарыбай бай жөнүндө жазылат эмеспи.

Жакында эле кичи футболдук аянтча ачылды. Спорт комплекси курулуу алдында турат. Футбол боюнча чоңдор командасы Ысык-Көл футбол лигасында чемпион болушуп, мыкты оюн көрсөтүп келишет.
Көк бөрү командасынын дагы учу кур эмес. Райондун алдыңкы командаларынын бири тай, акчалай байгелерди утуп келишет.

Айыл эли сыймыктанган, тоонун ортосунда, тоонун төрүндө жайгашкандыктан Көл-Төр деп аталган өзгөчө көлү бар.

Кантип пайда болгону жөнүндө так маалымат жок. Эл ичинде канча бир кылымдар мурун тоо урап, сайды тосуп калып тоо башынан түшкөн суулар толуп отуруп көл пайда болгон деген сөздөр айтылып келет.
Ошондой эле Жылуу-Булактагы Кайнар булак, Кең-Суудагы булактар ошол Көлтөрдүн суусу деп айтып жүрүшөт.
Көл-Төр көлүнүн сулуулугу видеодо бар, көрсөңүз болот.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз. Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз. Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!




кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(8)
17.10.2020. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аябай кооз жер экен.
17.10.2020. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ажайып кооз жер экен,сонун!
17.10.2020. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
17.10.2020. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстандын кооз эмес жери жок.
17.10.2020. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
главный балык кармаганы чоң көлү бар экен
17.10.2020. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээх менин айылым!кандай кооз
18.10.2020. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мечитке нур түшкөн тууралуу кененирээк жаза кетиңиздерчи
20.10.2020. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кусейин Карасаев да Кен-Сууда торолуптур...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: