super.kg logo
  Спорт  

Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин мелдеши 23-январда өтөт

 

UFC уюмунун америкалык мушкери Дастин Порье менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун ортосундагы мелдеш 23-январда өтөт.

Бул тууралуу Порье өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жарыялады.

"Бул күнү биздин беттешти бүткүл дүйнө көрө алат" деп жазды мушкер.

Ал эми Макгрегор мушташ АКШнын Даллас шаарындагы "Cowboys" стадионунда өтүшүн каалайт.

Порье менен болгон кармаштан кийин ирландиялык мушкер филиппиндик Мэнни Пакьяо менен мушташат. Конор Макгрегор акыркы беттешин 2020-жылдын 19-январында UFC 246 турниринин алкагында америкалык Дональд Серронеге каршы өткөргөн. Анда Макгрегор атаандашын 40 секундда нокаутка учураткан.

Ал эми UFC'нин жеңил салмактагы чемпиону Дастин Порье 26 жолу жеңишке жетип, алты жолу жеңилүү ызасын тартып, бир мелдеши жараксыз деп табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: