super.kg logo
  Саясат  

"Реформа" партиясы "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" партияларынын жоюлушун талап кылууда

 

"Реформа" саясий партиясы "Биримдик", "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан" партияларынын жоюлушун талап кылып, Юстиция министрлигине арыз жазды. Бул тууралуу "Реформа" партиясынын баракчасына жарыяланды.

Ага ылайык, партияларды таркатуу боюнча арыз 2020-жылдын 16-октябрында берилгени маалымдалат.

"Кыргыз Республикасынын "Саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө мажбурлаган, Кыргыз өлкөсүнүн бүтүндүгүн бузуу, согушту пропагандолоо сыяктуу иш-аракеттерди жасоону максат кылган, улут аралык жана диний кастыкты козуткан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүмүнө каршы келген иш-аракеттерди жасаган партиялардын түзүлүшүнө жана ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

Буга байланыштуу "Биримдик", "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан" партиялары 2020-жылдын 4-октябрында шайлоочулардын добушун сатып алуу, алдын ала белги коюлган бюллетенди колдонуу, шайлоочуларды коркутуу, паспортторун тартып алуу, өз көзөмөлдөрү астында добуш берүүчүлөрдүн шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерди жасашты. Мындай кадамдары менен аталган партиялар мамлекеттин демократиялык негиздерин бузушту.

Аталган партиялар Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясында көрсөтүлгөн мыйзамдарын жана шайлоо жөнүндө мыйзамды одоно түрдө бузду деп эсептейбиз. Ошону бирге алар Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык имиджине шек келтирди.

Жогоруда айтылгандарды негиз кылуу менен Кыргыз Республикасынын "саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзамынын 15-беренесинин 5 абзацына ылайык, "Биримдик", "Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан" партияларынын таркатылышы тууралуу соттон көрсөтмө чыгарылып берилишин суранабыз", - деп жазылат маалыматта.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: