Сыймык Жапыкеев Финполдун төрагасы болуп дайындалды
"Чоң Казат" партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Финполдун басма сөз кызматынан тастыкташты.
"Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысынын 2020-жыл, 16-октябрындагы буйругуна ылайык, Жапыкеев Сыймык Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болду", - деп билдиришти мекемеден.
Өмүр таржымалы:
Сыймык Жапыкеев Асылбекович 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.
Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, подполковник.
Билими:
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган
Эмгек жолу:
2001-2002 – Түп райондук прокуратурасында стажёр тергөөчү;
2002-2004 - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун прокуратурасында улук тергөөчү;
2004-2006 – Балыкчы шаардык прокуратурасынын улук тергөөчүсү;
2006-2007 – Чүй облусунун Ысык-Ата райондук прокуратурасында улук тергөөчү;
2007-2009- Кемин районунун прокурорунун орун басары;
2009-2014- коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын прокурору;
2015-2018- “Кумтор Голд Компани” ААКсынын келишимдик негизде иштеген юрист-жактоочусу;
2017-2020- “КР шахмат” федерациясынын вице-президенти;
Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы

иштеген кандай болоорун корсотот деген умут бар...
Ушул Сыймык Жапыкеев жыргаган кадр дейсинерби. Оз тармагынын х тамгасын билбейт. Садыр Жапаров аянтта кыйкырып, митинге эл чогулткан адамдардарды кызматка алып келе береби. Бул деле кечееки ОПГлар жонундо унчукпай олтурат го. Кормоксон болуп.
Бийлеп жүрсө анан ушундан кантип жакшы иш күтсө болот.