Көк бөрү боюнча экинчи Азия чемпиондугу Түркияда өтөт
Көк бөрү боюнча экинчи Азия чемпиондугу Түркияда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрь күнү маалымат жыйынында Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов билдирди. Эл аралык көк бөрү федерациясына Түркия тарап мелдешти өткөрүү ниетин билдирген. Жыйынтыгында эл аралык көк бөрү федерациясы, көк бөрүнү жайылтуу үчүн мелдешти Түркияда өткөрүү чечимин колдогон. Экинчи Азия чемпиондугу 2015-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өтөт. Эске салсак, көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу 10-15-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтүп, финалда Кыргызстан курама командасы мелдеш кожоюндарынан 4:2 эсебинде жеңилип калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
mr.kushtar

24.09.2013. 23:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз утушубуз керек эле жердештер казак туугандар тарыхка оздорун жазып алышат эми
Shai

25.09.2013. 09:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми 2015-жылы Туркияга белек кылып журбогуло айланайын кыргыздарым. Кок боорунун атасы кыргыздар болгон жана болуп келген. 1-лик ар дайым бизде болуш керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.