Жазуучу Качкыналы Сыдыгалиев дүйнөдөн кайтты
17-октябрда 90 жаш курагында Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү жазуучу, акын, аскер дарыгери Качкыналы Сыдыгалиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин кызматкери Нурбек Маамытбаев маалымдады.
Качкыналы Сыдыгалиев 1931-жылы Чүй районунун Карай айылында төрөлгөн.
1957-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.
1957-жылы Сузак районундагы Бек-Абад участкалык ооруканасынын башкы врачы,
1960-жылы Чүй райондук ооруканада терапия бөлүмүнүн башчысы, башкы врачтын орун басары.
1966-жылы Ысык-Ата районундагы Ивановка ооруканасынын башкы врачы.
1969–1987-жылдары Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскердик медициналык кызматынын жетекчиси.
1995-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда милдеттүү медициналык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
1976-жылдан баштап гезит-журналда аңгемелери, ырлары, тамсилдери чыга баштаган.
1981-жылы алгачкы «Жүрөктөгү так» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.
1985-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1985-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Совет энциклопедиясынын тең автору болгон (1976). 36 көркөм жана илимий эмгектердин автору, алардын айрымдары чет тилдерге которулган.
Качкыналы Сыдыгалиев - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери болгон.
