Бакытбек Жуматаев: "Эрлан Өмүралиев мага "Юпи" планын сунуштаганда баш тарткам"
“Эрлан Өмүралиев мага оппозициянын "Юпи" долбоорун ишке ашырып берүүнү сунуштаганда каршы болуп, аны келген жолуна салгам”. Бул сөздү бүгүн, 24-сентябрда маалымат жыйында УКМК жарыялаган видеодогу Нарын дарыясын ууландырат делген "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөсү Бакытбек Жуматаев айтты. “Эрландын билдирүүлөрү калп, биздин уюмдун мүчөлөрү бул ишке барбайт”,- дейт Жуматаев. Анын айтымында, ал Өмүралиев менен 2012-жылдан бери тааныш. Оппозициянын "Юпи" долбоорун ишке ашыруу сунушу болгонун айтып: “Эрлан үйгө келип аталган операция боюнча айтып, анын артында көп акча жатат, ушуну ишке ашырып бериңиз деди. Мен ага “бул ишиңди эртең эле токтот” деп жолго салгам”,- дейт Жуматаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















