Кыргыз өлкөсүндө интернет жарым-жартылай эркин деп эсептелет

Кыргыз өлкөсүндө интернет эркиндиги жарым-жартылай болгон өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу "Freedom House" уюмунун жылдык отчётунда айтылат.
Уюмдун маалыматына ылайык, дүйнөдө 10 жыл катары менен интернет эркиндигинин көрсөткүчү төмөндөп баратканы байкалган.
Башкаларга салыштырмалуу интернет эркиндигинин деңгээли боюнча алдыңкы бештикке Исландия, Эстония, Канада, Германия жана Англия кирет. Интернет эркиндигинин индекси 67ден 42ге чейинки тизмеге кирген өлкөлөр "жарым-жартылай интернет эркиндиги бар" деп сыпатталган. Алар - Түштүк Корея, Бразилия, Мексика, Украина, Нигерия, Кыргыз мамлекети жана башка саналуу өлкөлөр.
Көрсөткүчү 39дан кем болгон өлкөлөрдө "интернет эркиндиги жок" деп аталды. Алардын катарында Орусия баш болгон беш постсоветтик өлкө бар. Тизменин аягында Сирия, Иран жана Кытай турат.
