super.kg logo

Бишкекте 50 жаштагы кишини уруп, тапанча менен ок чыгарган жарандар кармалышты

 

Милициянын кайгуул кызматы бейбаштыкка шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

17-октябрда болжол менен түнкү саат 02:00 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Манас көчөсүндө белгисиз жарандар мушташып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кызматкерлер келип, маалыматты тактаганда 1970-жылы туулган К.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле түнү болжол менен саат 02:16 чамасында аталган даректен арыз ээсин белгисиз жарандар эч себепсиз уруп, тапанчадан ок чыгарганын айткан.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе 1993-жылы туулган И.Ж. 1989-жылы туулган Ч.Ч. жана 1995-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кармалган. Кармоо учурунда шектүү жарандардан газ травматикалык тапанча табылган. Бул факты боюнча Биринчи Май РИИБи Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.10.2020. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бандитер көбөйдүго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: