super.kg logo

"Театралдык" гүл бакчасындагы пианинону сындыргандар жаңысын орнотушту

 
"Театралдык" деп аталган гүл бакча кайрадан шаардыктарды музыкалык симфония менен тосуп алат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарым ай мурун аталган гүл бакчадагы пианинону белгисиз адамдар сындырып кетишкен. Ал эми азыркы учурда ал жерге жаңы пианино коюлуп, шаардыктарга жакшы маанай тартуулоого даяр.
"Мындан жарым ай мурун "Театралдык" деп аталган гүл бакчада белгисиз адамдар пианинону сындырып кетишкен. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери изи сууй электе ал адамдарды кармашкан. Ошондой эле биз укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Пианинону сындыргандар жарым ай өткөндөн кийин жаңы пианинону коюп беришти. Тилекке каршы, эскисин калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон жок. Ал эми азыркы учурда инструмент текшерүүдөн өтүп, жагымдуу музыкалары менен шаардыктарды кубандырууга даяр", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Буга чейин Бишкектеги "Театралдык" деп аталган гүл бакчадагы көпчүлүк чертип чер жазган пианинону мас абалдагы адам талкалап салганы маалымдалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.10.2020. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Даяр нерсени талкалап туура калдонушту билбей, чокуңарга бийликти сындайсыңарбы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: