Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын караган ата-энеге октябрь айынын айлыгы айдын аягында которулат
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын карап жаткан ата-энеге октябрь айынын айлыгы 28 октябрдан 5-ноябрга чейин которулат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды карап жаткан жеке жардамчылардын (ата-энеси) сентябрь айындагы кызмат акысы толугу менен төлөнгөн.
Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 7 миң 621 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 7 миң 471 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтөт.
Ошондой эле министрлик учурда ата-энелерге төлөмдөрдү борборлоштуруу маселеси иштелип жаткандыгын маалымдайт. Иш-чара өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Muratmipa

19.10.2020. 13:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш аламан болуп каражат тартыш болуп жатат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.