super.kg logo

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Франциядан башпаанек сурады деген маалымат тарады. Бул боюнча анын жактоочусу эмне дейт?

 

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Франциядан башпаанек сурады. Бул тууралуу мурда журналисттик кесипти аркалап келген Улугбек Бабакулов социалдык тармактагы баракчасында жазып чыкты.

Маалым болгондой, Улугбек Бабакулов учурда саясий качкын катары Францияда жашайт.

Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мекемеге келбегенин билдирди.

Буга байланыштуу Исаковдун жактоочусу Замир Жоошевге байланышканыбызда, мурдагы өкмөт башчынын Франциядан башпаанек сураганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Ошондой эле жактоочу учурда Сапар Исаков кайсы жакта экенин да билбейт экенин айтты.

Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү митингге чыккан адамдар тарабынан түзөтүү мекемесинен бошотулган. Жактоочулар Исаковдун кыска мөөнөттүү өргүүнүн негизинде үй камагына чыкканын билдиришкен.

Буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(2)
19.10.2020. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Музейден жеген акчаларына ошол жакта жашагысы келип жаткан го.
19.10.2020. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Jaktoochusu janin jebesin, shefinin kaysil jerde ekenin oto jakshi bilet.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: