super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Биз жарандардын милиция кызматкерлерине болгон ишенимин кайтарууга жетишүүбүз керек"

 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча учурдагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн миңден ашуун милиция кызматкерлери республиканын шаарларында жана райондорунда күн сайын күзөтүү жүргүзүүдө.

Садыр Жапаров жалпы кыргыз эли ички иштер органдарынан кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу жыйынтыктарды укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча натыйжалуу иштерди күтүп жаткандыгын белгиледи.

"Коомчулук тарабынан ички иштер органдарынын дарегине сын-пикирлердин өсүп жаткандыгына карабастан ИИМ ачык-айкын ишти улантуусу зарыл. Ал биринчи кезекте милиция кызматкерлеринин коомчулук алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Биз жарандардын милиция кызматкерлерине болгон ишенимин кайтарууга жетишүүбүз керек", - деди Садыр Жапаров.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров алдыга белгиленген реформаларды натыйжалуу аткаруу зарылдыгын баса белгилеп, министрлик алдына бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: