super.kg logo

Мэр Азиз Суракматов: "75 миллион сомго курулуп жаткан "Балалык" сейил багынын 60 пайызы бүттү" (фото)

 

Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардын түштүк бөлүгүндө курулуп жаткан сейил бактардын курулуш иштерин текшерди.

Ага ылайык, жаңы курулуп жаткан "Балалык" сейил багы жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча "ОсОО Акнет" курулуш компаниясы утуп алып, 75 миллион сом өлчөмүндө каражатка курулуш иштерин аткарууда.

"Шаарыбызда курулуп жаткан "Балалык" сейил багынын аянты 8 гектар. Бүгүнкү күндө 49 миллион сому колдонулду. Азыркы учурда курулуш иштеринин 60 пайызы бүттү. Эки же эки жарым айдын ичинде толугу менен жумуштар бүтөт деп ойлоп жатабыз. Бул сейил бак аты айтып тургандай эле, кичинекей балдарга арналып курулууда. Бул жерге аттракциондун көптөгөн түрлөрү коюлат. Учурда тротуарлар менен фонтандар жасалды. Балким, экинчи тендер менен же бюджеттин акчасынан өзүбүз кичинекей балдарга дагы ылайыктуу кылып толук иштеп чыгабыз", - деп билдирди Азиз Суракматов.

Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыралиев бул сейил бак башкалардан өзгөчөлөнүп өтө сапаттуу гранит жана мрамор материалдары менен курулуп жатканын белгиледи. Вице-мэрдин айтымында, мындай сапаттагы материалдар менен курулган сейил бактар Бишкекте жокко эсе.

"2019-жылы капиталдык курулуш башкармалыгынын бюджетинен акча каралган, ал каражатка долбоорду бүтүрүп, архитектуралык иштерди баштаганбыз. Бүгүнкү күндө жумуштун 55-60 пайызы бүттү. Эң сапаттуу материалдар колдонулуп жатат, тагыраагы гранит жана мраморго маани бердик. Биздин максат - сейил бак сапаттуу материалдар менен курулуп, узак жылга чейин пайдаланууда болсун. 2-3 айдан кийин биз жумуштарды бүтүрүп, кыргыз элине жакшы сейил бакты ачып беребиз деп турабыз", - деп билдирди Уланбек Азыралиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.10.2020. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текшериш керек 75 миллион оной акча емес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: