super.kg logo
  Саясат  

Шайиста Шатманова Мамлекеттик “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп дайындалды

 
Шатманова Шайиста Рахманбердиевна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Маалымат үчүн:
Шайиста Шатманова 1981-жылы 16-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айылында туулган.

1998-жылы Мадан Алымбеков атындагы мектеп-гимназиясын аяктаган.

1998-жылы Бишкек шаарындагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтуна тапшырып, 2003-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Кесиби - журналист.

2003-жылдын сентябрь айында “Кылмыш жана жаза” гезитине кабарчылык кызматына кабыл алынып, эки жылдан соң аталган гезитке жооптуу редактор болуп дайындалган. Аталган редакцияда жооптуу редактордук кызматта 2007-жылдын февраль айына чейин эмгектенген.

2007-жылдын март айында “Супер-Инфо” гезитине кабарчылык кызматка кабыл алынган. 2008-жылдын июнь айынан тартып аталган гезитке башкы редактор, бир нече жылдан кийин директорлук кызматка дайындалып, 2020-жылдын август айына чейин иштеп келген.

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоодо “Социал-демократтар” саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына тизмеде алдыңкы жыйырмалыкта талапкер болуп, “Социал-демократтар” саясий партиясынын басма сөз кызматын жетектеген.

2011-жылы Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: