"Тез жардам" унааларын жогорулатылган баада сатып алганы аныкталды". Финпол кылмыш ишин козгоду
Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ыйгарым укуктуу органдардын жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
"Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Газель Соболь (10 даана) жана Форд Транзит (3 даана) маркасындагы 13 "Тез жардам" унааларын жогорулатылган баада, тагыраагы жалпы суммасы 1 миллион долларга сатып алынгандыгы аныкталды. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары башталып, тиешелүү жактарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.
Июль айында Саламаттыкты сактоо министрлиги дүйнөлүк банктын долбоору боюнча 13 "Тез жардам" унаасын сатып алган.


Ушунундан жазба!)