super.kg logo

Түркия жаңы аскер техникасын "Тулпар" деп атады

 

Түркия жаңы чыгарган жөө аскерлер техникасына “Тулпар" деген аталыш ыйгарды. Бул тууралуу аталган аскердик техниканы чыгарып жаткан "Otokar" компаниясынын башкы директору Сердар Гергүчтүн билдиргенине таянып, түрк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Сердар Гергүч аскердик техника “Манас” эпосундагы жоокерге жан жолдош болгон жылкы баласынын урматына коюлганын белгиледи.

Анын айтымында, жаңы техника Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО) стандарттарынын негизинде сыноодон ийгиликтүү өтүп, учурда Түркия президентинин администрациясынын коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын колдоосу менен чыгарууга даяр турат.

“Бул аскер машинасы акыркы технологияларды колдонуу менен чыгарылган. Ал эң татаал климаттык шарттагы сыноолордон өткөн. Жаңы муундун техникасы ыкчамдыгы жана ок атуу артыкчылыгы менен айырмаланат. Учурда аны көп санда чыгарууга толук даярбыз. Бул Түркиянын жеке өзү чыгарган алгачкы аскердик техникасы”, - деп билдирген Гергүч.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.10.2020. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ух ты!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: