Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 19-октябрда саат 16:17де катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма айылдарында 2 балл, Кызыл-Эшме, Кара-Шыбак, Жар-Башы айылдарында 3 балл, Кашка-Суу айылында 4 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.