Талас облустук бириккен ооруканасынын оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга аяктады
Талас облустук бириккен ооруканасынын оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга аяктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштеринин сметасы 3 миллион 200 миң сомду түзөт. "Азыркы учурда имараттын биринчи кабатынын оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга бүткөрүлүп, сырткы жасалгалоо иштери гана калганын оорукананын директору Нурдин Усупбеков кабарлады. Буга чейин курулуш иштерине байланыштуу бейтаптарды кабыл алуу чатырларда жүргүзүлүп келген. Азыркы тапта аба ырайынын суукташына байланыштуу кабыл алуу имараттын ичинде жүргүзүлүп баштады. Кабыл алуу бөлүмүнөн тышкары, экинчи кабаттагы балдар бөлүмүндө да оңдоо иштери жүрүүдө, ал эми хирургия жана травматология бөлүмдөрүндө демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен санитардык түйүндөр (даараткана, душ) оңдолууда. Пандемиянын экинчи толкунуна каршы туруу үчүн тиешелүү медициналык багыттагы жабдуулар менен камсыздалып, дары каражаттарынын жана жеке коргонуу каражаттарынын 3 айлык запасы бар", - деп жазылат маалыматта.
