super.kg logo

Казакстанда унаанын капотунда өбүшүп жаткан түгөйлөр полицияга жеткирилди

 

Казакстандын Нур-Султан шаарында унаанын капотунда өбүшүп жаткан түгөйлөрдүн видеосу социалдык тармактарга тарады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аталган роликти автоунаанын ээси тартып алган. Видеодо жигит менен кыз башка бирөөнүн унаасына жөлөнүшкөнүн көрүүгө болот. Видеонун автору түгөйлөрдүн жүрүм-турумун жактырбагандыктан полиция чакырган. Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери барганда, кыз унаанын ээсинен өч алуу үчүн капталдагы күзгүнү уруп жиберген.

Ал эми бул окуя боюнча Нур-Султан полициясы жергиликтүү маалымат каражаттарына төмөндөгүдөй комментарий берген:

"16-октябрь күнү полицияга шаар тургунунан кайрылуу келип түшкөн. Ага ылайык, "Алма-Ата" бизнес борборунун жанынан жаш түгөйлөр өздөрүн адепсиз көрсөтүшүп, автоунаасынын капотуна таянып туура эмес көрүнүштөрдү кылып жатканы тууралуу айткан. Чакыруу боюнча полиция кызматкерлери келишип, бул факт тастыкталган. Ал эми жаш түгөйлөр тергөө иштери үчүн жергиликтүү полиция бөлүмүнө жеткирилген. 30 жаштагы жигит жана анын 26 жаштагы сүйлөшкөн кызы административдик жоопкерчиликке тартылышты", - деп жазылат маалыматта.






Казакстанда унаанын капотунда өбүшүп жаткан түгөйлөр полицияга жеткирилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.10.2020. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
биздикилерге да ушуга окшогон көрүнүштөргө тыю салынсын.
20.10.2020. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ит жолго чычып койсо да милиция чакыра бербей ушундай мелкий нерселерди озу эле машинадан тушуп чечип койбойбу.
20.10.2020. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2012-жылы менин акам уйго кеч келгенинен кун жылуу жата бер машинанда десек
20.10.2020. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай нерселер бизде да бар. Өзгөчө коомдук жайларда ушундай көрүнүштөрдү көрсөм сабыр кыла албайм кыз эркегине карабай согом же мушташам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: