super.kg logo

"Резонанс жараткан иштерди карагыла". Сыймык Жапыкеев Финполдун жамаатына биринчи кеңешмесин өткөрдү

 
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жаңы дайындалган Сыймык Жапыкеев кызматкерлери менен биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Финполдун оперативдүү-тергөө курамынын кеңешмеси Сыймык Жапыкеевдин төрагалыгы астында өткөнү маалымдалат.
"Аталган жыйналышта Финполдун коррупциялык иштерге байланыштуу мындан аркы тактикасы боюнча маселе талкууланды. Ошондой эле экономикалык коопсуздук, коомдо резонанс жараткан кылмыш иштери боюнча жасалчу кадамдардын планы тууралуу сүйлөшүлдү. Төрага Сыймык Жапыкеев Финполдун бардык аймактар боюнча иштерин күчөтүүнү жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле ал Финполдун приоритеттүү иштеринин бири мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген жогорку кызмат ээлеген кызмат адамдарына карата козголгон резонанстык иштер болушу керектигин баса белгиледи. Сыймык Жапыкеев жарандар тарабынан Финполдун кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жатканы тууралуу маалымат жетсе, буга карата катуу чара колдонуларын эскертти. Учурда Финпол тарабынан бир катар ири кылмыш иштери иликтенип, тергөө жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(4)
20.10.2020. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жрайсың брат
Жакшылап иштегиле эл силерге ишеним көгөздү
Эми эл үчүн эмгегиңрди аябагыла.
Алдыда кытайдын карызы бүткүл кыргызстандыктарды ойлондурат!
20.10.2020. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сыймык Жапыкеев келечекте ген.прокурор болот буйруса!!!
20.10.2020. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец кухня дан давно эле чыгып ушундай иштерди кылышын керек болчу
20.10.2020. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иштей ала турган жигиттер келди окшойт азаматтар результат коргозгуло эл силерге ишенип жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: