Садыр Жапаров эл аралык "Аль-Жазира" телеканалына берген маегинде: "Кызмат үчүн балама акча сунуштагандар болуп жатат"

Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун уулуна байланышып, кызмат ордуна ээ болуу үчүн 300 миң долларга чейин акча сунуш кылгандар болуп жатат. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Аль-Жазира" телеканалына берген маегинде билдирген.
Анда Садыр Жапаров 30 жыл бою Кыргыз өлкөсүндө кызмат орундары акчага сатылып келгенин айткан.
"Менин кызматка келгениме 10 күн да боло элек жатып жакындарыма, мисалы, балама чалышып, кайсы бир кызмат ордун сүйлөшүп берүү үчүн 50 миң доллардан 300 миң долларга чейин акча сунуштап жатышыптыр. Биз мындай иш-аракеттерге бөгөт коюп, ачык-айкын мамлекетти түзгүбүз келет. Учурда көп адамдар дагы деле кызматты сатып алса болот деп ойлоп жатышат. Бул нерсе мындан ары болбойт", - деген Жапаров.
Мындан тышкары "Аль-Жазира" телеканалы "Кыргыз өлкөсүнүн жаңы өкмөт башчысы ким?" деген аталыштагы Садыр Жапаров тууралуу сюжет даярдашкан. Сюжетте өкмөт башчынын туулуп-өскөн айылы чагылдырылган.
Эл аралык "Ал-Джазира" телеканалы "Кыргыз өлкөсүнүн жаңы өкмөт башчысы ким" деген аталыштагы сюжет даярдады
