super.kg logo

Тоолуу Карабахта 18 мектеп жана 6 бала бакча зыянга учурады

 
Тоолуу Карабах Республикасында Азербайжан менен болгон конфликтен улам 18 мектеп жана 6 бала бакча зыянга учурады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, атышуудан 18 мектеп, 6 бала бакча зыянга учураган. Мындан 24 миң окуучу мектепке, 4 миң кичинекей бала бакчага бара албай калды.
Эске салсак, 9-октябрда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Орусиянын президентинин чакыруусу менен Москвага келип, 10 сааттан ашуун сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында 10-октябрь күнү түштөн кийин тараптар Карабахтагы ок атууну токтотууга, туткундарды жана каза болгон жарандардын сөөктөрүн алмашууга, ошондой эле элдешүүнүн конкреттүү деталдары боюнча макулдашкан. Бирок ишемби күнү тараптар ок атышпоо келишимин бузду деп бири-бирин айыптай башташкан.

Армения-Азербайжан кагылышуусу 27-сентябрда башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: