super.kg logo

Финпол: "Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен депутат Кубанычбек Жумалиевге өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынды"

 

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен депутат Кубанычбек Жумалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Финполдун басма сөз кызматы тастыктады.

Финполдун маалымат катчысы Анастасия Пискур билдиргендей, Мухаммедкалый Абылгазиев менен депутат Кубанычбек Жумалиев расмий түрдө өлкөдөн чыкпоо тууралуу эскертүү алышты. Бул боюнча толук маалымат кийинчерээк берилери белгиленди.

Абылгазиев 4G режиминдеги мобилдик байланыш үчүн радио жыштыкты каттоо чырынан кийин 2020-жылдын июнь айында кызматтан кеткен.

Ал эми депутат Кубанычбек Жумалиев учурда Финполду жетектеп турган Сыймык Жапыкеевдин үстүнөн арыз жазып, сот Жумалиевдин пайдасына 10 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Өз кезегинде Сыймык Жапыкеев депутатты мыйзамсыз байыган деп сындап келген.

Бул боюнча Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашевге байланышканыбызда, "азырынча бул боюнча маалыматым жок" деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
20.10.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Реклама кылбай косягы болсо камасында нары, суу кечип кача электе..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: