Мамэкотехинспекциянын мурдагы жетекчиси кармалды
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (Мамэкотехинспекция) мурдагы жетекчиси Ж.Ж. кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан ал архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө бөлүмүнүн ишиндеги коррупциялык схеманы жетектеген деп билдиришти.
"Тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча, коррупциялык схемага 6 адамдын катыштыгы бар экени аныкталып, анын ичинде бөлүм башчы жана сектор башчы кылмыш жасагандыгын моюнуна алышкан.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Ж.Ж. бул коррупциялык схеманы башкаргандыгы, ал мыйзамсыз алынган каражаттарды бөлүштүрүүдө системдүү негизде белгилүү бир бөлүгүн алгандыгы аныкталды.
Бүгүн, 20-октябрда Ж.Ж. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда", - дейт маалымат кызматынан.


1 |