super.kg logo
  Саясат  

Сот Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын карады

 

Бүгүн, 20-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, Матраимов туруктуу жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тил катынын негизинде үйгө чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сотко чейинки өндүрүш иши аяктаганга чейин Матраимов тергөөчүнүн, прокурордун, соттун уруксатысыз убактылуу жашаган жеринен чыкпоо, сотко чейинки өндүрүшкө тоскоолдук кылбоо, белгиленген убакытта келүүгө милдеттендириди", - дешти мекемеден.

Буга чейин Райымбек Матраимов УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан кармалган. Ал тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, республиканын бюджетине келтирген 2 миллиард сом зыянды толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдиргенин УКМКдан кабарлашкан. Райымбек Матраимов алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын депозиттик эсебине которгону маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: