Вице-премьер тийиштүү жетекчилерге эпидемиянын жайылышын алдын алууну күчөтүү тапшырмасын берди




Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын жетекчилиги астында республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешменин жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикадагы эпидемиологиялык абал, коронавирустук инфекциянын жайылышына чек коюу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча маалыматы угулду.
Вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга, аймактык аткаруу бийлик органдарына, саламаттыкты сактоо тутумунун облустук координаторлоруна жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине, өзгөчө COVID-19 илдетин жуктуруп алган жарандардын, анын ичинде медициналык кызматкерлердин саны өсүп жаткан Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын мекеме жетекчилерине инфекциялык көзөмөлдү жана эпидемиянын жайылышын алдын алууну күчөтүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле вице-премьер-министр коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшкө жана анын алдын алуу ишине тартылган жаңы объектилерди медициналык жабдуулар жана инвентарлар менен кыска мөөнөттө камсыздалышын жыйынтыктоону тапшырды.
"Өзгөчө көңүлдү коомдук транспортто жана башка оорунун жугуу коопсуздугун жараткан адамдар массалык түрдө чогулган жерлерде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоосун камсыздоого буруу зарыл", - деди ал.
