"Зенит" баскетболдук клубу Евролигадагы үчүнчү матчты COVID-19 илдетине байланыштуу жылдырат

Маалыматка караганда, 22-октябрда Санкт-Петербургда өтө турчу Евролигадагы "Зенит" менен "Милан" клубдарынын оюну коронавирус илдетине байланыштуу кийинкиге калтырылды.
"Зенит" матчка кеминде сегиз баскетболчуну жарыялай албагандыктан матчты жылдырууну суранды" - деп айтылат билдирүүдө.
Коронавирус илдетинин кесепетинен дагы эки жолугушуу жылдырылды: "Анадолу Эфес" (Түркия) - "Асвел" (Франция), "Альба" (Германия) - "Баскония" (Испания).
Маалыматка ылайык, буга чейин да "Зенит" клубунун оюнчуларынын арасынан коронавирус илдети чыккандыгына байланыштуу 2 матч жылдырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.