Ноокенде 57 жаштагы Орозалы Ахмедов дайынсыз болуп изделүүдө



Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылынын тургуну Орозалы Ахмедов дайынсыз изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1963-жылы туулган Орозалы Ахмедов өзү жашаган үйүнөн 7-октябрь күнү саат 20:00 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда.
Учурда Орозалы Ахмедов жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, өңү кара тору, чачы кыска ак чач аралашкан, маңдайкы үстүңкү тиштери түшүп калган.
Кийген кийимдери: көгүш түстөгү спорттук кийим, көгүш түстөгү жынсы шым, кара түстөгү бут кийим. Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Байланыш телефону: 03734 5-05-44, 0772 10 10 49, 0551 75 00 91, 0709 42 65 28.
