УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жасады
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазады.
"Урматтуу мекендештер! Официалдуу жумушка чыкканыма бүгүн 3 күн. 3 күндө 2 миллиард сомдон ашык акча өндүрдүк. Тергөө аныктаса дагы төгөт. Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтарабыз. Бул башталышы гана, көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат. Баарын кустурабыз.
Ушул коррупционерлерди кустуруу операцияларында бир да укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир сом дагы пара алышпайт. Баарын мамлекетке төктүрөбүз. Бул маселелер жеке менин көзөмөлүмдө эч кыжаалат болбоңуздар! Аларды камап кармап отурбастан уурдаган акчасын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт коёбуз. Кыргыз мамлекетинде коррупционер, элдин акысын жеген жана элди куураткан бир да адам болбошу керек", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул анын переводу боюнча иши. Андан башка транспорт, бажы и монополизация иштери бар. Аны унутпайлы!!!
АША Раимден доля алып жашырып жургондо унчукпай отурдунарго коркуп