super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров ыйгарым укуктарынын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берип, токтом чыгарды (тизме)

 

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ыйгарым укуктарынын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга бир нече тапшырмаларды берип, токтом чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул токтом өлкөдөгү коомдук-саясий абалды тезирээк турукташтыруу жана мамлекеттик, коомдук институттардын талаптагыдай иштешин камсыздоо максатында кабыл алынган.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, төмөнкүлөрдү токтом кылат:

Укук коргоо органдарын, сотторду, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын кошо алганда мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери карамагындагы органдардын штаттык режимде иштешин камсыз кылсын;

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

Аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын тикелей милдеттерин талаптагыдай аткаруусуна прокурордук көзөмөлдү күчөтсүн, зарылдыгына жараша күнөөлүү болгондорду белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартсын;

Садыр Жапаровго жасалган иштери жөнүндө жума сайын маалымат берип турсун;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:

Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан иштерди активдештирсин;

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын катышуусу менен Кыргыз мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн учурларга катуу тыюу салынсын;

Ички иштер министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын катышуусу менен менчик укуктардын криминалга мыйзамсыз өтүүсүн жана (же) жеке жактар менен уюмдарга таандык капиталды мыйзамсыз башкарууну кошо алганда, өлкөдө криминалитет менен күрөшүү жана кылмыштуу топтордун ишине тыюу салуу боюнча иштерди күчөтсүн;

Улуттук банк Өкмөт менен биргеликте коммерциялык банктардын туруктуу иштешин жана каражаттарды которууну ишке ашырууну камсыздасын, өлкөдөн капиталдарды мыйзамсыз чыгарууларга бөгөт койсун; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

Мүлктү мыйзамсыз алып коюуга (рейдерлик басып алууга) жол бербестен, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен жеке капиталды жана менчикти коргоо боюнча чараларды ыкчам тартипте көрсүн;






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: