super.kg logo

"Керемет Банктын" интернет-банкинги аркылуу КМШ өлкөлөрүнө тез арымда которуулар

 

«Керемет Банк» жана “Золотая Корона” эл аралык тутуму ыңгайлуу сервисти ишке киргизүү менен биргелешкен өндүрүмдөр тилкесин толукташты. Эми болсо банктын кардарлары филиалдарга келбестен интернет банкинг аркылуу 0,9 пайыздык минималдуу комиссиясы менен КМШ мамлекеттерине акча каражаттарын которо алышат.

Кардарга “Керемет Банк” интернет банкинги аркылуу которууну жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөр аткаруусу зарыл:

  • “Аракеттер” бөлүгүндө “Золотая корона” тутуму боюнча которуу” тилкесин тандоо;
  • акча которулуу мерчемделип жаткан булак эсебин белгилөө;
  • алуучунун аты-жөнүн толтуруу;
  • алуучунун телефонун көрсөтүү;
  • алуучунун өлкөсү менен шаарын белгилөө;
  • которуу валютасы менен суммасын киргизүү.

Киргизилген маалыматтар текшерилгенден жана төлөм смс-код менен тастыкталгандан кийин автоматтык түрдө которуунун бөтөнчө коду генерацияланат, ал жөнөтүүчүнүн төлөм деталдарында сакталууда турат жана аны алуучуга билдирүү зарыл болот. Алуучу дагы “Золотая корона” тутумунан анын атына которуу келгендиги тууралуу билдирмени алат. Ким экендиги аныкталган күбөлүгүнүн болуусу шартында жана которуу номерин көрсөтүү менен алуучу которулган акча каражатын “Золотая корона” тутуму менен кызматташкан бардык банктардан чыгарып ала алат.

Аталган кызмат интернет-банкингди кошуу (https://keremetbank.kg/kg/news/700 ) жана бардык башка банктык сервистер тууралуу толук маалыматты банктын филиалдарынан, сайттагы чат аркылуу же (0312) 55 44 44 телефону боюнча "Керемет Банк" ААКсынын контакт-борборуна чалып, (0557) 55 44 44 номериндеги вотсапка жазуу менен тактап алууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: