Ысык-Көл. 11-класстын окуучусу өзүнөн эки жаш кичүү окуучуну сабап салды
Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы №6 мектепте окуучулар арасында мушташ чыкты. 11-класстын окуучусу 9-класстын окуучусун сабап салганын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Вера Апышева билдирди. Анын билдиришинче, эки окуучунун ортосунда түшүнбөстүк чыгып мушташып кетишкен. Токмок жеген окуучунун ата-энеси токмоктогон окуучуну башка мектепке которууну талап кылууда. Учурда окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүүдө. Окуя өткөн аптада болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
-1

