Алтынбек Сулайманов: "Эл өкүлдөрү 120 депутат көп деп жатышат, анда эмнеге бул жерде отурасыңар?"
Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда депутат Саматбек Ибраев референдум өтүшү керектигин айтты.
"Биз сөзсүз түрдө референдумга барышыбыз керек. Конституцияда кемчиликтер бар экенин билесиздер. Тарых үчүн баарыңыздар жооп бересиздер. Референдум өткөрүшүбүз зарыл", - деди Ибраев.
Депутат Алтынбек Сулайманов: "120 депутат көп деп жатасыңар, анда эмнеге отурасыңар? Тарап кеткиле. Референдумду аралаштырбагыла. Шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү карайлы. Жаштар 120 депутатты кошуп кубалап салса болмок. Конституцияны бузган эң оор кылмыш", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
8

