Депутат спикерге: "Жогорку Кеңештин сайты сиздин маанайыңызга жараша иштеп жатса керек"

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда депутаттар жыйындын күн тартиби, мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланбаганын айтышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев сайт иштебей жатканын белгилеген.
Депутат Талант Мамытов Жогору Кеңештин сайты спикер Канатбек Исаевдин маанайына жараша иштеп жатканын айтты. Ал буга чейинки жаңылыктар чыкканын айтып, азыр дагы сайт иштеп жатканын билдирди.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова парламенттин сайтына чабуул болгонун айтты. Учурда сайт иштеп жатканын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
2

